Бишкек. 19.01.2019. Govori.TV.
Бишкекте 19-январга караган түнү, Ак-Муз көчөсүндө ири өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, үч кабаттуу үй өрттөнгөн. Куткаруучуларга таңкы саат 4:18де билдирүү түшкөн. Жерине үч өрт өчүрүүчү унаа чыгып кеткен. Өрт толугу менен саат 7:15те өчүрүлгөнү белгилүү болду.
«Адам өлүмү катталган жок, учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат»,-деп кошумчалады тиешелүү мекемеден.