• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте турак үй өрттөндү

14 Аяк оона 20229:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында турак үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрда Октябрь районуна караштуу Көк-Жар конушунун Куйручук көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине өрттү өчүрүүгө жалпы 2 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Саат 16:17 өрт чектөөгө алынып, толук саат 18:18 өчүрүлдү.

«Өрттүн кесепетинен турак үйдүн короосунда жайгашкан чакан унаа оңдоочу жай жана тигүүчү цехтин 500 чарчы метр аянты күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгымдар такталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Өрттөн жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 149