• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты

8 Жалган куран 202617:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча, Тимирязев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

ӨКМ билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 15:28де Биринчи Май райондук №8 Өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир күжүрмөн эсеп, саат 15:37де дагы бир бөлүм, жалпы эки күжүрмөн эсеп тартылган.

Саат 15:51де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүлдү. Алдын ала маалыматка ылайык өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түздү. Үйдүн ичинен күйүүчү майлоочу майлар жана иштетилген май коюлган бактар табылды.

Жабыркагандар жок. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Количество просмотров: 160