• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте жүрүүгө уруксат алуу үчүн электрондук портал иштеп баштады

12 Бугу 2020 13:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жүрүүгө уруксат алуу үчүн электрондук портал иштеп баштады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, шаарда киргизилген карантинге байланыштуу айрым чектөөлөр каралганын айтып, шаарда аймагында жүрүү уруксаттын негизинде болот.

«Уруксаттар өзгөчө кырдаал режиминде иштөөсүнө уруксат берилген экономикалык ишмердиктин чарба субъекттерине берилет. Статистика боюнча, Бишкекте 75 миңден ашык чарба субъекти бар. Ал жакта иштегендердин саны 238 миң адамды түзөт. Шаарда 83 миң жумушчусу бар 3 миң 830 чарба субъектиси ишмердүүлүгүн улантууда, алардын иши токтотулган эмес. Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи этабында, 11-майдан тарта алдын ала маалымат боюнча, 3 миң 782 чарба субъектисинин иши жанданат. Аларда дээрлик 15 миң киши иштейт», -деди Бакетаев.

Количество просмотров: 617