Бүгүн, 26-январда Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилди. ИИМдин маалыматына ылайык, чектөө эртең, 27-январда да болот.
Белгилесек, бул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Бишкекте болот.
Өлкөгө келген делегациянын кортежинин каттамы учурунда төмөнкү көчөлөрдө чектөө болот:
«Мамлекеттик маанилүү иш-чаранын өтөрүнө байланыштуу шаар тургундарын, меймандарын чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, алдын ала маршрут түзүп алууга чакырабыз. Ошондой эле жогоруда аталган көчөлөргө унааны токтотпоону суранабыз», — дешет министрликтен.