• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте жаш жигит өзүн өрттөөгө аракет кылган (видео)

28 Бирдин айы 202316:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Чынар» соода борборуна жакын жерде жаш жигит өзүн өрттөөгө аракет кылган. Бул тууралуу видеону соцтармак колдонуучулары өздүк баракчаларына жайгаштырууда.

Маалыматка ылайык, өзүнө өрт койгон адамга көчөдө өтүп бара жаткан жарандар көмөк көрсөтүшкөн. Учурда тез жардам жана милиция кызматкерлери окуя болгон жерде иш алып барышууда.

Ал эми Бишкектин Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы окуя боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Теги:
Количество просмотров: 3181