• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте жашыруун иштеген баңгизат лабораториясы жоюлду

28 Бирдин айы 202615:42 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жашыруун баңгизат лабораториясы жоюлуп, 4 килограммдан ашык баңгизат каражаттары алынды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Ыкчам иш-чаралардын алкагында 21 жаштагы Д.Г. жана 32 жаштагы А.Л. аттуу жарандар кармалды. Тинтүү учурунда алар жашаган батирден жалпы салмагы 4 килограммдан ашык баңгизат табылган.

Алынган заттардын 3 килограмм 739 граммы — каннабис майы (гашиш майы), 295 граммдан ашыгы баңгизат аралаштырылган тамеки каражаттары болгон.

Тергөөдө аныкталгандай, шектүүлөр батирде баңгизаттарды өндүрүп, аларды атайын ачылган Telegram-канал аркылуу сатып келишкен. Учурда аталган канал жоюлуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факт боюнча сатуу максатында баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо менен кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 169