Бишкек шаарынын Ленин районундагы Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан жатаканадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылган.
Өрт саат 14:29да чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, имараттан үч жаран эвакуацияланып жана эки жаран жабыркап, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилди.
Кошумча маалымат берилет.