Бишкек шаарында жети унаанын катышуусунда массалык жол кырсыгы катталды— алардын арасында эки жүк ташуучу унаа, бир микроавтобус жана бир нече жеңил унаа бар. Бул тууралуу 24.kg сайты жазып чыкты.
Кырсык кайсы жерде болгону белгисиз.
Шаардык ЖКККББ расмий комментарий бере элек. Окуя болгон жерден тартылган видеолордун астындагы пикирлерге караганда, кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.