• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте жол эрежесин бузган той кортеждеринин 5 унаасына протокол түзүлдү

2 Жетинин айы 2020 17:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол эрежесин бузган той кортеждеринин 5 унаасына протокол түзүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү болжол менен саат 14:00 чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, Фрунзе жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежелерин одоно бузган Mercedes-Benz G-класс үлгүсүндөгү той кортеждеринин 5 унаасын токтотуп, аларга эреже бузгандары боюнча протокол түзүлгөн.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочулардын жол эрежесине болгон кайдигерлик мамилеси, жарандардын жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугуна коркунуч жаратып, жол транспорт кырсыктарын алып келээрин эскертип, айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 90