Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттун жол кире акысы боюнча долбоорду иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.
Мэрия коомдук транспорттун техникалык абалы жана баалардын өсүшүнө байланыштуу жол кире акысын жогорулатууну сунуштайт.
Муниципалитет төмөнкүдөй тарифтерди белгилөөнү сунуштайт:
— Троллейбус -15 сом.
— автобус — 15 сом.
— кичи автобус — 21 сом, (20.30-6.00 — 32 сом)
— экспресс кичи автобустарда (№ 233, 234) — 22 сом, (№ 123, 226, 252) — 32 сом.