• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө айып салынат

27 Бирдин айы 202510:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн жол кире төлөөсүн текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, рейддик иш-чараны Транспорт жана жол-транспорттук инфрастүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын ШИИББы жана «Тулпар» бирдиктүү картасынын адистери менен биргеликте өткөрүүдө.

Рейд учурунда жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөн-төлөбөгөнү текшерилип, эгерде жол кире төлөбөй койгон фактылар аныкталса, жүргүнчүлөр мыйзамдардын негизинде айыпка жыгылат.

Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүмүнө ылайык, муниципалдык коомдук транспортто жол кире жана жүктүн акысын төлөбөө, ошондой эле шаардык коомдук транспортту колдонуу эрежелерин бузуу – жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө айып салынат.

«Урматтуу шаар тургундары жана жүргүнчүлөрү! Жол кирени накталай төлөм менен эмес, карта же QR-код аркылуу төлөөңүздөрдү өтүнөбүз. Эгерде накталай төлөсөңүздөр, сөзсүз түрдө талон алыңыздар»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 203