Бишкекте акыркы күндөрү окуу унаалардын тыгыны жаралып, калаа тургундары нааразычылыгын билдирүүдө. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү. Шаар башкармалыгы муну жолдорду оңдоо иштерине байланыштырууда.
Мэрия каттамдардагы кичи автобустарды жаңы келген автобустарга алмаштырып, Түштүк магистраль жолунда атайын тилке чийип, коомдук транспортко артыкчылык бергени менен маселе чечиле элек.