Бишкек шаарында №1041 шайлоо тилкесинде электрондук урна иштебей калды. Бул туурасында Govori.TVнын кабарчысы жеринен кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган шайлоо тилкесинде электрондук урна иштебей калган. Учурда аны оңдоо аракеттери жүрүүдө.
Ушундай эле техникалык мүчүлүштүк борбор калаадагы №1007 шайлоо участогунда да катталып, жарандар нараазы болушту.
Белгилей кетсек, жер-жерлерден да шайлоо тилкесиндеги электрондук урналар иштебей калып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүүдө.