Бишкектеги аялдамаларды ижарага берүү үчүн аукцион уюштурулат
Бишкектеги аялдамаларды ижарага берүү үчүн аукцион уюштурулат
26 Теке 202411:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мулкту башкаруу боюнча департаменти бир катар объектти ижарага берүү үчүн аукционго койду. 26-июлда аукционго коюла турчу аялдама комплекстер:
Жибек Жолу проспектисиндеги 11 аялдама комплекси;
И.Ахунбаев көчөсүндөгү 5 аялдама комплекси;
Москва көчөсүндөгү 11 аялдама комплекси. 6-августта аукцион өтө турчу объекттер:
Ч.Айтматов проспектиси менен Ы.Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 536 -чарчы м аянт социалдык жана маданий максаттагы объекттин курулушу үчүн;
И.Ахунбаев менен Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги 330 чарчы м аянт жер. 12-августта ижарага берүү үчүн аукционго коюла турчу объекттер:
Ахунбаев-Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдама комплексиЖибек Жолу проспекти, Москва, Ахунбаев көчөлөрүндөгү 14 аялдама комплекси. Ошондой эле 20-августта дагы 12 объектти ижарага берүү боюнча аукцион уюштурулат. Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып алып, https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу катталып, ылайыктуу аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек.
Бишкекте спорттук турнир өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды
Бишкекте эгемендүүлүк күнүн утурлай спорттук турнир өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды. Спорттук-маданий иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн …
Муниципалитеттен билдиришкендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, жылуулук тармагындагы маселе жаратчу жерлерди оңдоп-түзөө максатында, 08:30дан 16:00гө …