• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги башкы балатынын оту качан жанат?

13 Бештин айы 202118:01 Бишкек Govori.TV

«Ала-Тоо» аянтындагы башкы балатынын оту 17-декабрда жандыруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, бүгүн, 13-декабрда вице-мэр Виктория Мозгачева жаңы жылга даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү.

«Бишкексвет муниципалдык ишканасы өлкөнүн башкы балатысын жасалгалоо иштерин бүтүрүү стадиясында турат. Ал этно-стилдеги инсталляциялар менен шөкөттөлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, башкы балатынын бийиктиги 25 метр болот.

Теги:
Количество просмотров: 128