• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкек жана Чүйдө балдар үчүн балаты майрамы уюштурулду

18 Бештин айы 2023 17:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы балдар үчүн балаты майрамы уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы жылдык майрамга турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн 500 баласы чакырылган. Балдар үчүн жаңы жылдык программа уюштурулду.

Иш-чараны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова ачып, бөбөктөрдү келе жаткан жаны жыл менен куттуктады.

Майрамдын аягында ар бир балага жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Балаты майрамын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Назгүл Насиева» коомдук фонду менен биргеликте уюштурган.

Количество просмотров: 92