• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Бишкектеги эки Калкты тейлөө борборунда иш сааттары узартылды

21 Жетинин айы 20239:02 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги эки Калкты тейлөө борборунда иш сааттары узартылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган министрлик жарандар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 20-ноябрдан 29-декабрга чейин пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Анын алкагында Жибек-Жолу проспекти, 381 жана Нуркамал Жетишкаева көчөсү, 29 даректериндеги Калкты тейлөө борборлорунда иш убактысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин узартылды.

«Документтерди кабыл алуу терезелеринин бир бөлүгү ишин улантат, адистер үчүн түшкү тамак нөөмөт тартибинде болот», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Калкты тейлөө борборлорунун иши жөнүндө кененирээк маалыматты 119 колл-борборунан (чалуу акысыз) алууга жана өз сунуштарыңызды калтырууга болот.

Количество просмотров: 99