Бишкекте эски борбордук мечиттин ордуна жаңысы курулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.
«Бир айдын ичинде мечиттин аймагында жайгашкан тарыхый объекттен башка эски имарат бузулат. Учурда демөөрчү изделип жатат», — деп билдирди муфтият.
Кошумчалай кетсек, мечит Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.