Бишкектеги Michelle кофеканасынын администрациясы стилист Замира Молдошеванын кайрылуусуна байланыштуу укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганын Instagram баракчасына жарыялады.
Буга чейин белгилүү стилист жана дизайнер Замира Молдошева соцтармактагы баракчасына видео жарыялап, Бишкектеги кофеканалардын биринде кыргыз тилинде сүйлөөгө болбой турганына нааразы болгон.
Аталган билдирүү коомчулукта талкуу жараткан. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия мекемеге эскертүү берген.
Ал эми Michelle кофеканасы дооматты четке кагууда.