• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президенттин иш башкармалыгы кофекана курууга конкурс жарыялады

19 Чын куран 202311:10 Бишкек Govori.TV

Президенттик аппараттын алдындагы Мамлекеттик курулуштар департаменти Бишкекке кофекана курууга сынак жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун сайтында маалымдалат.

Маалыматка караганда, кызыкдар тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн «Жеңил металл конструкцияларынан кофекана куруу» долбооруна сынакка катыша алат.

«Имарат Бишкек шаарындагы Манас проспекти, 28 дарегинде жайгашкан. Арыздар 2023-жылдын 14-майына чейин кабыл алынат»,-деп жазылат маалыматта.

Долбоорго ылайык, мамлекет жер тилкесин берет, ал эми имаратты жеке өнөктөш курушу керек.

Количество просмотров: 84