Бишкекте №33 мектеп-гимназиясынын имаратында бомба изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектеп имаратында бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына бүгүн саат 12:19да түшкөн.
Мектептин аймагы курчоого алынып, окуучулары жана мугалимдер эвакуацияланды.