Бүгүн, 15-августта Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы “Кипиш-бар” түнкү клубунун жанында болгон окуя боюнча билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, 14-август күнү саат 03:30дар чамасында «Кипиш» клубунун кире беришинде азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Арасында бийчи Жан Воинов дагы болгон. Ал белгисиз жигиттердин ортосундагы чыр-чатакты көрүп, аларды ажыратууга аракет кылганда бетине муштум жеген. Воинов жооп кылып, белгисиз адамды түртүп, андан кийин аларды башкалар арачалап калышкан.
РИИБ тараткан маалыматта, тапанчадан ок чыгарган белгисиз адам аныкталганы, ал 1993-жылы туулган Ж.Б, аттуу адам экени айтылат. Анын айтымында, ал түнкү саат 03:15тер чамасында Медеров көчөсүндөгү күнү-түнү иштеген унаа жуучу жайга барган. Бирок ал «Кипиш» түнкү клубунун жанына токтоп, ал жерде анын эс алган досторун издеген. Ошол учурда көчөдө турган үч адам бөтөлкөлөрдү сындырып, кимдир-бирөөнүн дарегине орой сөздөрдү айтып жатканын байкап калып, жигиттердин тобу менен мушташып кетишине жол бербөө үчүн капчыгынан «Добрыня» сигналдык тапанчасын алып чыгып, ок чыгарган. Бир эскертүү огу абага атылган. Анын кимдир бирөө менен уруша кетүү максаты жок болчу, ал бош патрон менен атканын билдирген.
Ж.Б. жергиликтүү ЖМКларда жарыяланган видеону көрүп, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө келүүнү чечкен. Ал өз ыктыяры менен куралды берип, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында көрсөтмө берген. Тергөө кызматы алынган тапанчага тиешелүү экспертиза дайындады.