• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги Панфилов паркынын администрациясына 68 миң сом айып салынды

17 Чын куран 202515:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык муниципалдык инспекциясы Панфилов атындагы парктын администрациясына алты берене боюнча 68 миң сом айып салды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аттракциондорду колдонуу шарттарынын бузулушуна жана кызматтар тарабынан бир нече жолу эскертүүлөр берилгендигине байланыштуу мэрия кыздын аттракциондон кулап кетиши боюнча окуядан кийин «Балдар оюн-зоок» ЖЧКсы менен ижара келишимин бузган.

Мындан тышкары аталган ведомство сейил бак шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына жооп бербей, аймакты күнүмдүк санитардык тазалоо иштерин кылбай жатат деп билдирди.

2025-жылдын 1-апрелинен саат 13:00дөн баштап Панфилов атындагы парктын аттракциондору убактылуу жабылган. Тамак-аш тейлөөчү жайлар боюнча маселе ачык бойдон калууда, бирок жакынкы келечекте экспертизанын жыйынтыгы боюнча парктын иштөө концепциясы толугу менен кайра каралат.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында аткаминерлер сейил бакты өткөн окуядан улам толук жабуу керектигин билдиришкен. «Балдар оюн-зоок» ЖЧКсынын башкы директору Дмитрий Петров 2024-жылдын декабрь айында сейил бак бир жылдык, 10 миллион сом ижара акысын төлөгөндүгүн кошумчалаган.

Эске салсак, 31-март күнү Бишкектеги Панфилов сейил багында аттракциондордун биринин коопсуздук куру чечилип, конструкция кыймылдап жаткан учурда кыз кулап кеткен. Ал оор абалда ооруканага жаткырылган.

Количество просмотров: 254