• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектеги шайлоо тилкесинде жабдыктар бузулуп калып, жарандардын кезеги жаралды

28 Жетинин айы 202111:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы №1051 шайлоо тилкесинде бюллетень сала турган урна иштебей калды. Бул туурасында Govori.TVга шайлоочулар кабарлады.

Алардын айтымында, аталган шайлоо тилкесинде электрондук урна иштебей калып, шайлоочулардын кезеги жаралды.

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Количество просмотров: 191