• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектеги скверде пианинону сындыргандар кармалды (видео)

21 Аяк оона 2020 9:17 Бишкек Govori.TV

Борбор калаанын Театралдык скверинде пианинону сындырып кетишти. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пианинону сындыргандар жеринен кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Кармалгандар мас абалда болгонун айтып, жаңы аспап сатып берүүнү убадалашкан.

Белгилей кетсек, пианино былтыр Шопоков көчөсүндөгү сейил бакка орнотулуп, шаардыктарга ойногонго уруксат берилген. Музыкалык аспапта шаар тургундары, жаңы үйлөнгөндөр, студенттер, жалпы эле сейил бакка келгендин баары ойноп кетишчү.

Опубликовано Aida Aidaralieva Суббота, 19 сентября 2020 г.
Количество просмотров: 459