Быйыл жаңы ачылган «Ынтымак» эс алуу багына орнотулган пианинону бузуп кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып, видео жайгаштырышкан.
Анда пианинонун баскычтары иштебей жатканын көрүүгө болот.
Ал эми Октябрь районунун акиминин орун басары Таалай Акматбаев бул тууралуу пикирин айтып, бузулган аспап оңдолот деген пикирин билдиген.
Ал «пианинону чынында эле адамдар сындырганын же аба ырайынын таасиринен улам бузулганын тактоо керек. Бирок, менин жеке оюмча кышында аспапты башка жакка киргизип туруу керек деп эсептейм», -деп кошумчалаган.