• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектеги спорт сарайы реконструкцияланат

20 Үчтүн айы 202612:32 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайы реконструкцияланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Жыйында депутат Болот Сагынаев, «Спорт сарайы борбор калаанын борборунда жайгашканы менен начар абалда. Олимпиадалык стандарттагы жалгыз бассейин ушул Спорт сарайында жайгашкан. Ошондуктан Спорт сарайы өзүн-өзү каржылай ала тургандай кылып, бассейн жана футбол талаасы, мончосу жаңыланса жакшы болмок», — деген.

Молдажиев президент Садыр Жапаров «Жаштык Аренасынын» ачылышында Спорт сарайын дагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү тапшырганын белгиледи.

«Президент ачылыш аземинен кийин Спорт сарайын дагы ушул «Жаштык Аренага» окшоштуруп, бир композицияда ондоп-түзөө, реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү тапшырган. Бирок, анын статусу өзгөтбөйт. Өлкө башчысы мэрге каржылоо үчүн акча табууну тапшырган, учурда мэрия менен тыгыз иштешип, бул жылдын планына киргизип жатабыз, буйруса оңдоо иштери жакында башталып калат», — деди ал.

Количество просмотров: 114