• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Оңдолгон спорт ордосуна коомчулук нааразы

21 Тогуздун айы 2019 10:50 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосун оңдоо иштери жыйынтыкталгандан кийин коомчулукта нараазычылыктар айтылууда.

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө имараттын концерттик залындагы эски 2200 отургуч жаңысына алмаштырылып, «Элит Хаус» деген логотиптер түшүрүлгөнүн көрүүгө болот. Ал эми интернет колдонуучулар спорт ордосу коомдук транспорт эмес экенин айтып, отургучтарга жеке компаниялардын атын түшүрүү одоно көрүнүш экенин жазышууда.

Эске салсак, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосун оңдоп-түзөө иштери 14-августта башталган. Буга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, спорт ордосун оңдоого жергиликтүү курулуш компаниялардын бири демөөрчү болуп жатканы айтылган эле.

Количество просмотров: 452