• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нарындагы Салкын-Төр эс алуу жайы жаңыланат

11 Теке 202512:56 Бишкек Govori.TV

Нарын облусундагы Салкын-Төр эс алуу жайы жаңыланат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Нурбек Сатаров президенттин Иш башкармалыгынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн жетекчиси Байэль Токтомушевге Салкын-Төр эс алуу жайы тууралуу маалымат берип, сунуштарын айтты.

Белгиленгендей, бул эс алуу жайында жакынкы күндөрү толук реконструкциялоо иштери башталат.

Количество просмотров: 115