Бишкек шаарындагы түнкү клубга келген чет элдик кардар администратор кызга кол көтөрдү. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Ленин райондук милициясынын маалыматы боюнча, 3-август күнү И.Р. аттуу кыз таңкы саат 04:30дар чамасында Чүй проспекти менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде белгисиз жаран аны урганын айтып арыз жазган.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене («Майда бейбаштык») менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ишти андан ары териштирүү үчүн ошол эле күнү Ленин райондук Кайгуул милициянын кызматкерлери Р.Х. аттуу Улуу Британиянын жаранын алып келишкен. Мындан сырткары, соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда жабырлануучу денесинен жаракат албаганы аныкталган.
Ал эми чет элдик жарандын жасаган ишине юридикалык баа берүү маселеси жабырлануучуга кайрадан соттук-медициналык экспертиза дайындоо менен чечилери белгиленди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.