• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Ошто пансионаттын мурдагы директору журналист Исаковго кол көтөрдү (видео)

12 июня 2023 в 13:29 Бишкек Govori.TV

Эркин журналист Ыдырыс Исаков сабалды. Бул тууралуу видеону Исаков өзү Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анда журналистке кол көтөргөн жаран “Ош” пансионатынын мурдагы директору экени айтылат.

Ал эми Ички иштер министрлиги бул факты Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталганын, учурда тергөө кызматы тарабынан териштирилип жатканы жана анын жыйынтыгы менен юридикалык баа бериле тураны кабарланды.

Буга чейин Исаков «Жетекчилердин жемине айланган Ош пансионаты» аталышындагы материал даярдаган болчу.

Количество просмотров: 180