• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Бишкектеги троллейбус каттамдарынын иши жанданды

12 Баш оона 202311:36 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги троллейбус каттамдарынын иши 12-августта жанданды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматкаылайык, бүгүн 86 троллейбус каттамга чыкты.

«Кечээ аларга сентябрдан тартып айлык акылары 50 миң сомго чейин көтөрүлөрү айтылган. Ошол шарт менен бүгүн каттамдар жанданды. Троллейбус жана автобустарга айдоочуларды кабыл алуу да улантылып жатат», — деп айтылат маалыматта.

11-августта Бишкек шаарында троллейбус айдаган 250дөн ашуун айдоочу айлыкты көтөрүү талабы менен иш таштаган. Алар менен «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров жолугуп, маяна келерки айдан тартып 50 миңге чейин көтөрүлөрүн, 41 миң сом колго аларын билдирген. Бирок анын сөзүнө макул болбогон айдоочулар жыйындар залынан чыгып кетишкен.

Количество просмотров: 114