• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкектеги жүрүштө милиция Украина жана Орусиянын желегин көтөрүүгө тыюу салды

8 Жалган куран 2022 22:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында “Тынчтык. Март. Марш” деп аталган жүрүштө милиция өкүлдөрү Украина жана Орусиянын желегин көтөрүүгө тыюу салды. Өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган киши Кыргызстан нейтралдуу позицияда экенин айтып, жүрүштү саясатташтырбоого чакырды.

Иш-чаранын башталышында уюштуруучулардын бири Алтын Капалова марштын максатын окуп берген.

“Биз бул жылы марштын темасы катары бүткүл дүйнө аялдарынын согушка каршы тилектештигин тандадык. Анткени Украинадагы согуш бардыгыбызга тиешелүү. Украинадагы согушту улантуудагы жүйөлөрдү чечкиндүү түрдө айыптайбыз жана карапайым адамдардын укугун коргогон адилет, тынчтыкты орнотууну талап кылабыз”, — деди Капалова.

Алтын Капалова согушта ириде аялдар, балдар көбүрөөк жабыркап жатканын белгиледи. Жүрүшкө жүздөгөн кишилер катышып, алар согушка каршы ураандарды айтышты. Марш “Россия” кинотеатрынын жанынан башталып Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды.

Количество просмотров: 96