«Манас» эл аралык аэропорту Америка Кошмо Штаттарына түз аба каттамын ачуу маселесин кароодо.
Аэропорттон билдиришкендей, КР министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов, «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана башкармалыктын коммерциялыка директор Аман Мамаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Жолугушууда Бишкектен Нью-Йоркко же Чикагого түз каттамдарды ачуу, ошондой эле жүк ташууларды уюштуруу жана эл аралык жеткирүү тейлөө кызматтарын ачуу маселелерин талкуулашты.