• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Баткен–Тамчы авиакаттамы ишке киргизилет

29 Кулжа 202611:08 Бишкек Govori.TV

16-июлдан тартып биринчи жолу Баткен – Тамчы – Баткен багыты боюнча түз туруктуу авиакаттам ишке киргизилет.

Эми өлкөнүн түштүк аймагындагы тургундар болжол менен бир сааттын ичинде Ысык-Көлдүн жээгине жетип, эс алуусун учкан күнү эле баштай алышат. Жаңы каттам Кыргызстандын эң популярдуу туристтик багыттарынын бирине жетүүнү мурдагыдан да жакын, жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат.

Каттамдар ар бейшемби күнү күндүн биринчи жарымында аткарылат. Бир тарапка авиабилеттин баасы 6 500 сомду түзөт. Бул баадагы билетти Asman Airlines авиакомпаниясынын расмий www.asmanairlines.kg сайты аркылуу же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу эч кандай комиссиясыз жана кошумча төлөмдөрсүз сатып алууга болот.

Количество просмотров: 13