• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Бишкектин айрым райондорунда суу өчөт

19 Теке 202322:24 Бишкек Govori.TV

25-июль саат 08:00дөн 26-июль саат 09:00го чейин Бишкек шаарынын бир катар аймактарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Төмөнкү даректердеги турак-жай имараттарына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жайга ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Ахунбаев, 7-апрель, Горький, Белорусская — Шүкүров көчөлөрү.

7-апрель, Анкара, Октябрь көчөлөрү, ЧЧК.

Шоокум, Коңорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү.

Мындан тышкары, таза суу 11-кичирайондун Д-500мм суу өткөргүчүндөгү профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Буга байланыштуу “Көк-Жар”, “Улан-1”, “Улан-2” кичи райондорунда муздак суу убактылуу токтотулат.

Количество просмотров: 125