• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн ысык суу болбойт

18 Тогуздун айы 202410:39 Бишкек Govori.TV

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн ысык суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 18-октябрдан 20-октябрга чейин жылуулук тармактарын көзөмөлдөө жана сыноо иштерин жүргүзүү үчүн жеке сектордогу турак үйлөрдө ысык суу өчүрүлөт.

Өчүрүү борбордук жылуулук системасы бар жеке сектордогу турак үйлөргө гана тиешелүү болот. Суу көп кабаттуу үйлөрдө өчүрүлбөйт.

Бардык суроолор боюнча Кардарларды колдоо борборуна кайрылсаңыздар болот: 1980, (0312) 61-11-69, (0557) 61-11-66, (0701) 61-11-66.

Техникалык кызматтардын номерлери: (0312) 36-57-19, 30-07-67, 51-06-22, 21-74-06.

Теги:
Количество просмотров: 184