Бишкек шаарындагы И.В. Гёте атындагы №23 гимназия окуу комплекси жабылып, окуучулар башка мектепке которулуп жатат. Бул тууралуу ЖМКларга окуучулардын ата-энелери билдиришкен.
Алардын айтымында, окуучуларды башка мектептерге бөлүштүрүү 11-ноябрдан баштап күзгү каникул учурунда ишке ашат. Ата-энелерге имарат кооптуу абалда экени, экинчи кабат кулап калышы мүмкүн экендиги түшүндүрүлгөн.
Ал эми борбор калаанын мэриясы да №23 мектеп жабылганын билдирди.
Учурда аталган мектептин айрым блокторуна сейсмикалык институттун корутундусуна байланыштуу бул маселе КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү адистер тарабынан изилденип жатат.
Эгерде бул мектепти бузуу чечими кабыл алынса, анда заманбап талаптарга ылайык жаңы мектеп курулат.
Мэриянын маалыматына караганда, окуучулардын үзгүлтүксүз билим алуусун уюштуруу максатында, күзгү каникул аяктагандан кийин окуучулар башка мектептерге бөлүштүрүлөт.