• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкектин вице-мэринин агасы өкмөттүн имаратына түкүргөнү жатат

21 Үчтүн айы 2019 17:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV

Бакыт Бакетаев министрлер кабинети мындай эреже бузууга айыппулду азайтып чоң катачылык кетирди деп эсептейт.

Өкмөт түкүрүк үчүн айыппулдун суммасын азайтса анда чоң катачылык кетирет. Мындай деген оюн сайтына коомдук ишмер, белгилүү саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.

“Мага министрлер кабинетинин айыппулду азайтканына нааразы болгон жарандар кайрылышат.  Баары тең ошол мыйзам күчүнө кирээри менен айлана тегерек тазара түшкөнү билинип калды дешет. Эгерде биз сурамжылоо кыла турган болсок, анда алар айыппулдун керек экендигин айтышат. Табиятынан таптаза эл болбой, аларды таза кылган ошол мыйзамдар. Бизде Европа өлкөлөрүндө эч ким мыйзам бузбайт деген пикир калыптанып калган. Бирок анын баары өтө жогорку суммадагы айыппулдарга байланыштуу. Бизде болсо баары жаңы киргизилген мыйзамга каршы чыгып жатышат, бир туруп ойлоп кетесиң, эмне булар түкүрөбүз деп жатышабы баары деп.

Бакыт Кушбекович азыркы өкмөттүн эл арасындагы лакап аты « Түкүрүк өкмөт» болуп калгандыгын эскертти.

“Мен айтып коёюн, эгерде өкмөт эреже бузууга айыппулдарды арзандатса, мен жок дегенде он киши топтоп алып барып өкмөт үйүнө түкүрөм! Мейли көп болсо миң сомдон төлөйт экенбиз”,-дейт Бакыт Бакетаев.

Булак: Vesti.kg

Количество просмотров: 19