• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баткендиктер өкмөткө нааразы. Эл үйүнө кайта албай жатат

28 Аяк оона 2022 16:46 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам качып келген, Баткен облусунун тургундарын, кайрадан өз турагына 3 күндүн ичинде акысыз жеткирүү убадаланган. А бирок, айтылгандан кийин бир жолу гана 17 бус жөнөтүлгөн. Бүгүн дагы саат 8:00 дө спорт сарайына келип турууну айткан. Анкен менен саат 14:00 болсо дагы бир дагы унаа чыгарыла элек. Мындай жагдайга качып келген жарандар нааразы болууда.

Ал эми уюштуруу иштерин аркалаган бишкек шаардык мэриянын кызматкери, такталбаган маалыматтар аркылуу эрте мененки саат 8ге топтолуп алышыптыр. Негизи саат 13:00дө чыгаруу пландалганын айтты.

Бул агрессиянын кесепетинен 5миңден ашуун жаран качып келген. Алардын көпчүлүгү эч кимдин жардамысыз эле кайтып кетишкен. А бирок, 3 күндүн ичинде ошончо адамды ташып бүтө алаары азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 245