• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева кызматтан кетет

4 Бугу 2021 22:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева кызматын тапшырганын 4-майда “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Анын айтымында, кызматтан өз каалоосу менен кеткени жатат.

“Тилекке каршы, мен бул кызматта иштеп жүрө албайм. Анткени учурда мэрдин милдетин аткарып жаткан адам менен бир пикирге келе алган жокмун”, — деди Чыныбаева.

Ал эми шаардык мэрия маалымат таратып, анда Чыныбаеванын өз каалоосу менен иштен кетүү тууралуу жазган арызы түшө электиги айтылган.

Кошумчалай кетсек, Айжан Чыныбаева бул кызматка былтыр октябрь окуяларынан кийин дайындалган.

Количество просмотров: 209