• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

15 Жетинин айы 202412:06 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 19-23-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Бокс федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

эркектер: 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг;
кыз-келиндер: 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66, 70, 75, 81, +81 кг.

Количество просмотров: 193