Экс-депутат Шайлообек Атазов АКШнын Аризона штатында бокс боюнча мелдешке катышты. Атазов соцтармактардагы баракчасына турнирден фото жана видеолорду бөлүшкөн.
«Буга чейин квалификациялык эки беттеш өткөргөм. Алардын ар бири алты раунддан турду. Калыстар тобу менин беттештериме дыкат баа беришти. Квалификациядагы эки беттеште тең жеңишке жеттим. Жакында Аризона штатынын Финикс шаарында профессионал мушкерлер күч сынашкан чоң турнирге катыштым. Калифорниялык мушкер менен беттештим, бирок бул беттеште жеңилип калдым. Күрөш кыйын болду, бирок көрүүчүлөргө жакшы жагып калды. Эң негизгиси мен өзүм үчүн, машыктыруучум жана командам үчүн жеңдим. Бул мушташтан кийин мага промоутерлор, менеджерлер кайрылышты, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды», — деди Атазов.
Ал бир жылдык келишимге кол койгонун кошумчалады. Кийинки беттеш май айында Нью-Йоркто өтөт. Атазовдун айтымында, Кыргызстандын профессионалдык бокс лигасынын президенти катары ал кыргызстандык эки таланттуу мушкер тууралуу маалыматты америкалык промоутердик компанияга өткөрүп берген. Эгерде спортчулар виза алса, алар менен келишим түзүлөт.
Эске сала кетсек, Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2024-жылдын май айында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы талаштуу мандат боюнча Жогорку Соттун чечиминен кийин Атазовду депутаттык мандатынан ажыраткан. Мындай чечим шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу талаш-тартыштан улам кабыл алынды. Шайлообек Атазов саясатка келгенге чейин профессионалдуу түрдө спорт менен — бокс жана кикбоксинг менен алектенген.