Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Мелдеш 30-апрелден 14-майга чейин уланат. Ошондой эле курама команда 22-апрелден баштап Ташкент шаарында Эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.
Курама команданын тизмеси:
Белгилей кетсек, бокс боюнча курама команда улук машыктыруучу Акыйкат Абаев, башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Улан Сагынбаевдин жетечилиги алдында мелдешке катышат.