• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бокс залындагы атышуу: Жаңы жагдайлар белгилүү болду

11 Тогуздун айы 20240:31 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бизнес өнөктөштөрдүн ортосундагы чатакташуу адам өлүмү менен аяктаганын ИИМ кабарлаган. Окуя борбордогу 7-кичи райондо бүгүн, 10-октябрда болгон. Атышуудан бир киши каза таап, экөө жаракат алган.

«7-кичи райондо үйлөрдүн биринде атышуу угулган. Жеринде ыкчам-тергөө тобу иштеп, окуянын бардык жагдайлары такталууда. Алдын ала маалыматтарга таянсак, ок эки өнөктөштүн ортосундагы чырдан кийин атылган», — деп билдирди ИИМ.

Ал эми айрым маалымат каражаттары өздүк булактарынын берген маалыматына таянып, окуя дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону боксчу Орзубек Назаровдун залында болгонун жазышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча бокс боюнча машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиевге мурдагы таанышы келип, экөө чатакташа кеткен. Келген киши Ниязалиевди жана дагы бир адамды аткан. Кармаш учурунда куралчан кишинин өзүнө ок тийген. Ниязалиев аман калган.

Количество просмотров: 1114