• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Болгариялык балбан Акжол Махмудовду беттешке чакырды

31 Теке 2023 15:12 Бишкек Govori.TV

Болгариялык балбан Айк Мнацаканян кыргызстандык спортчу Акжол Махмудовду беттешке чакырды. Бул тууралуу ал 29-июлда Владикавказда өткөн Poddubny Wrestling League-5 мелдешинен кийин билдирген.

Мнацаканян россиялык Сергей Степановду жеңип алгандан кийин Акжол Махмудовду беттешке чакыргысы келип жатканын айткан.

«Акжол Махмудовду беттешке чакыргым келет. Анын күйөрмандары ал мени «оңой эле жеңип алат» деп ойлошот. Мени менен күрөшүү оңойго турбайт», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов — Олимпиада жана Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Азиянын үч жолку чемпиону. Андан тышкары, бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси.

Ал эми Айк Мнацаканян Дүйнө жана Европа чемпионаттарында эки жолудан коло байге уткан.

Количество просмотров: 108