Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен 30-сентябрдан 4-октябрга чейин жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.
2019-жылдын 4-октябрына чейин жол кыймылы саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.
«Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлүп турат», — деп айтылат маалыматта.