• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Боомдо капчыгайында таштар түшүрүлөт

3 Чын куран 202614:56 Бишкек Govori.TV

6-апрелден 10-апрелге чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдунт 3901-чакырымында) кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат.

Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

Ишкана жарандарды сапарга чыгарда алдын ала пландоону суранат.

Количество просмотров: 144