• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Борбор Азия лидерлери кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

21 Жалган куран 2024 9:23 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу: «Наурыз майрамы бакубатчылыктын жана биримдиктин башталышы, жакшылыктын жана жаратмандыктын жарчысы катары боордош элдерибиз тарабынан өзгөчө урматталат, жакшы ниет жана чоң үмүт менен тосуп алынат. Бул жаркын майрам жылуу маанай, токчулук тартуулап, биздин бирдиктүү, тагдырлаш элдерибизге кубаныч алып келсин.

Эки өлкөнүн ортосундагы бекем достукка жана ынак коңшулаштыкка негизделген стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер биздин жакын элдердин кызыкчылыгында динамикалуу өнүгүүсүн улантат деп ишенем», — деп айтылат Казакстан президентинин куттуктоосунда.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу: «Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сизди жана боордош Кыргыз Республикасынын элин Эл аралык Новруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кеңири белгиленген бул жаркын майрам — жаздын башталышын жана жаратылыштын ойгонушун билдирет. Новруздун белгилүү жакшы каада-салттары жана маданий үрп-адаттары тилектештикти жана өз ара түшүнүшүүнү илгерилетүүгө, азыркы заманда абдан актуалдуу болгон элдердин ортосундагы тынчтыкты жана достукту чыңдоого өбөлгө түзөт», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго жана жалпы Кыргызстан элине бакыт, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу: «Жазгы күн менен түндүн теңелишинин — эл аралык Навруздун келиши менен Сизди жана жалпы Кыргызстан элин чоң кубаныч менен куттуктайм. Ата-бабаларыбыздын бул байыркы майрамына карата менин эң жакшы жана чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди кабыл алууңузду өтүнөм.

Миңдеген жылдар бою адамзаттын жолун жарык кылган улуу майрамдардын бири болгон куттуу Навруздун байыркы үрп-адаттары жана бай руханияты бүгүнкү күндө адам дүйнөсүн ого бетер өңүнө чыгарып турат.

Бул жаз майрамынын жалпы адамзат баалуулуктары жана түбөлүктүү идеялары жаңы жашоонун башталышынын, жаратылыштын ойгонушунун символу, жакшылыктын, толеранттуулуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн жетишкендиги катары мындан ары да бизди кайра жаралуу жана жаратмандык, тынчтык жана бейпилдик, өз ара урматтоо жана ишеним жолуна алып барат деп ишенем.

Кут даарыган Навруздун жакшы салттарынан улам, биргелешкен аракеттер менен биздин өлкөлөрдүн кызматташтык жана коңшулук мамилелери мындан ары да өнүгөт жана кеңеет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана чоң ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык жана туруктуулук, бакубатчылык, мындан аркы прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Количество просмотров: 131